Бундестаг Германиянын канцлери Олаф Шольцтун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө добушун билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Кечээ, 16-декабрда 394 депутат Шольцко ишеним көрсөтүүдөн баш тартты. Бундестагдын дагы 207 депутаты канцлерди колдоду, 116сы калыс калды.
Шольц 11-декабрда бундестагдын төрагасы Бербел Баска өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндөгү катты жиберди. Парламенттеги добуш берүүнүн алдында сүйлөп жатып, ал ишеним маселеси парламентке гана эмес, шайлоочуларга да тиешелүү экенин айтты.
Маалымдалгандай, Олаф Шольц эми Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге парламентти таркатууну сунуштап, андан соң өлкөдө жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлүшү керектигин айткан. Шайлоо 2025-жылдын 23-февралында болот деп күтүлүүдө.