Орусияда жумушчулар бар автобус жолдон чыгып кетип, 2 адам каза болду 

Забайкальеде Газимуро-Заводский районунда курулуш компаниясынын кызматкерлерин ташыган ротациялык автобус кырсыкка учурады. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Айдоочу рулду башкара албай калып, унаа жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар бар.

"Автобуста 21 жүргүнчү болгон. Контролду жоготуудан эки адам каза болуп, үч адам жаракат алган. Жабырлануучулар буга чейин ооруканага жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан