АКШда христиан мектебинде атышуу болуп, кеминде үч киши каза болду

АКШнын Висконсин штатындагы Мэдисон шаарындагы христиан мектебинде атышуу болуп, кеминде үч киши каза болуп, бешөө жарадар болгонун CNN басылмасы полицияга таянуу менен билдирди.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 16-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:57де Мэдисон полициясына Abundant Life христиан мектебинде ок атуу болгондугу тууралуу билдирүү келип түшкөн. Жергиликтүү полиция башчысынын алгачкы маалыматында билим берүү мекемесиндеги атышуудан 5 киши каза тапканын, анын ичинде кол салган адамдын өзү да бар экенин билдирген.

Кийинчерээк Мэдисон полициясы жеке христиан мектебинде каза болгондордун санын мурда айтылган бештин ордуна үчкө түзөттү. Полициянын маалыматы боюнча, кол салууга шектүү жашы жете элек өспүрүм болгон.

"Укук коргоо органдары атышуудан каза болгондор окуу жайдын кызматкерлериби же окуучуларыбы, азырынча маалымат бере элек", - деп айтылат каналдын билдирүүсүндө.

Abundant Life христиан мектеби – бул даярдоо классынан 12-класска чейинки балдарды окуткан билим берүү мекемеси. Мектептин веб-сайтына ылайык, мектепте Дэйн округунун 200 үй-бүлөсүнөн 390го жакын окуучу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан