Ошто уурулукка шектелип 21, 22 жаштагы жигиттер кармалды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда уурулук жасаган топ кармалды. Бул туурасында Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, райондук милиция бөлүмүнө Ылай-Талаа айыл аймагынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал май куюучу жайлардын биринен электр генераторун уурдап кетишкендигин билдирген. Келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 85 миң сомду түзөт.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада Кара-Кулжа районунун 2002-жылы туулган Н.уулу Т., 2002-жылы туулган Ө.Ы., 2002-жылы туулган Б.уулу С. жана 2001-жылы туулган А.уулу Ы. шектүү катары кармалды.
Учурда ыкчам тергөө амалдары уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан