Израил Сирияга эң катуу сокку урду. Ал аймакта Орусиянын аскерий базасы да жайгашкан

Израил кечээ, 16-декабрдын таңында Сириянын экинчи ири порту болгон Тартус провинциясындагы аскерий объектилерге кол салды, соккунун күчү жер титирөө менен салыштырылган. Орусиянын аскерий базасы да ал жерде жайгашкан. Жергиликтүү маалымат каражаттары соккулар абадан коргонуу системаларына жана ракеталык кампаларга багытталганын жазышты.

Маалыматтарга караганда, израилдик учактар ​​порттун бир нече объектилерине кол салышкан, бирок орусиялык аскерий объектилерге жана аскер кызматкерлерине эч кандай зыян тийгизген эмес. Байкоочулар бул соккуну "2012-жылдан бери Сириянын жээк аймагына жасалган "эң ырайымсыз" чабуулдар болду" деп белгилешкен.

Израил армиясы бул кабарларды тастыктай элек.

Бул соккулар 8-декабрда Башар Асаддын режими кулагандан кийин башталган Израилдин ири операциясынын бир бөлүгү болду. Мындан тышкары Израил Голандагы демилитаризацияланган аймакка кирип, 1974-жылкы ок атышпоо келишимин бузган. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху Израил 1967-жылдан бери басып алган Голан дөңсөөлөрүндө отурукташкандардын санын көбөйтүү планын жарыялады.

Нетаньяху ошондой эле Израил өлкөдөгү бийликтин алмашуусунан пайдаланып, Сириядагы стратегиялык маанилүү аскердик объектилерди жок кылууну көздөп жатканын билдирди.

Асад кулагандан берки сегиз күндүн ичинде Израил Сириянын аскерий объектилерине 600дөй сокку урду. Тель-Авивдин айтымында, чабуулдардын бутасы химиялык объектилер, ракеталар, абадан коргонуу системалары жана аскердик базалар болгон. Израил буга чейин Сириянын аскерий күчүн 80 пайыз жок кылганын жана чабуулдарын уланта турганын билдирди.

Асаддын кулатылышында чоң роль ойногон "Хаят Тахрир аш-Шамдын" (Левант боштондук уюму - Сириядагы жарандык согушка катышкан исламчыл террордук уюм. Орусия, АКШ, Түркия жана БУУнун чечими боюнча террорист катары таанылган) лидери Ахмед аш-Шараа Израилдин мындан ары Сирияга чабуулун улантуу үчүн негизи жок экенин айтты. Ал бул соккулар аймактагы кырдаалдын курчушуна алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

Ошондой эле аш-Шараа Сириянын жаңы өкмөтү Израилди коркутпайт жана Ирандын Сирияда бекем орун алышына жол бербейт деп ишендирди. Ал өлкө жарандык согуштан чарчаганын, азыр кайра курууга жана турукташтырууга багытталганын баса белгиледи.

Бирок бул сөздөр Нетаньяхуга эч кандай таасир эткен жок. Израил Сириянын аскерий объектилерине, анын ичинде абадан коргонуу системаларына жана Сириянын бүт жээгиндеги ракета кампаларына сокку уруусун улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан