Москвада орусиялык ырчы Анна Седокованын мурдагы күйөөсү латвиялык баскетболчу Янис Тимманын сөөгү табылды. Ал өз жанын кыйган. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Өткөн аптада Москвада ырчынын спортчу менен ажырашуу талабы канааттандырылган. Седокова менен Тимма 2020-жылы баш кошушкан. Ал эми ажырашуу боюнча арыз 16-октябрда сотко берилген.
32 жаштагы баскетболчу 2015-2021-жылдары Санкт-Петербургдун "Зенит" жана "Химки" клубдарында ойногон.