Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун жубайы аны пара менен кармоого аракет кылганын билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда берген маалымат жыйынында айтты.
УКМК жетекчиси Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсүнө таандык болгон "Капитал банкы" жана Бишкек арак заводу мамлекеттин менчигине өткөнүн эске салды.
"Ал алдамчылар менен байланышып, "мени пара менен кармайбыз" деп мага 5 миллион доллар даярдашкан. Буга чет элдик кызматтар дагы катышкан. Бирок биздин балдардын кыраакылыгынын негизинде ошол алдамчылар дагы кармалды, 5 миллион долларын дагы алдык жана сумманы мамлекетке өткөзүп койдук. Алар мени билишпейт окшойт. Ташиев эч кимден 1 сом дагы пара албастыгын", - деди ал.