Атактуу мушкер Дмитрий Бивол жакында боло турчу беттешке карата машыгуусун Ысык-Көлдө өткөрүп жатат. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасында билдирди.
Белгилүү болгондой, мушкер 22-февралда Эр-Риядда орусиялык мушкер Артур Бетербиев менен реванш өткөрөт. Аталган беттеште эки мушкер тең эң аз дегенде 20 миллион доллардан алышары маалым болгон. Бул алардын мурунку беттешинен алган акыдан эки эсе көп.
Белгилей кетсек, Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун ортосундагы биринчи беттеш 12-октябрдан 13-октябрга караган түнү Эр-Риядда өткөн. Анда калыстардын чечими менен Артур Бетербиев жеңишке жеткен.