Америка Кошмо Штаттарынын батыш тарабы катуу сууктун азабын тартууда. Индианаполис шаарында бурганактап жааган кардын айынан автоунаа кыймылына толук тыюу салынды. Шаар мэринин жарлыгына ылайык, 830 миң адам жашаган бул шаарда эми жол тазалоочу жана чукул кызмат көрсөтүүчү унаалар: полиция, “Тез жардам”, өрт өчүрүү техникалары гана жүрө алышат. Маалыматка таянсак, бул шаарда мындай чектөө акыркы жолу 1978-жылы болгон. Учурда сууктун күчү -50°C болууда.
АКШнын көпчүлүк аймактарында катуу сууктан мектептер жана бир катар мамлекеттик мекемелер жабылды. Индиана, Иллинойс жана Миссури штаттарында 24 миңдей абонент электр жарыгысыз калганы айтылууда. Синоптиктер суук күндөр дагы улана турганын билдиришүүдө.