Бишкекте эркек киши аялын 20 жолу бычактап салды

Бишкектин Жибек Жолу проспектисиндеги Чыгыш автобекетинин аймагында күйөөсү аялын бычактап салды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн саат 11:45 чамасында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын "102" кызматына белгисиз эркек аялды бычактап өлтүргөн деген маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, 1991-жылы туулган Э.О. аттуу жаранды кылмыш болгон жерден кармашкан. Анда Жибек Жолу проспектисинде жайгашкан Чыгыш автобекетинин аймагында пикир келишпестиктен улам, жубайына бычак сайгандыгы аныкталган. Бычактан алган жаракатынан улам 1991-жылы туулган Д.А. аттуу жаран "Тез жардам" келгенге чейин каза болгон.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан