Экс-муфтий Максат Токтомушев даават маселеси боюнча президентке кайрылды  

Бүгүн, 17-декабрдагы Жогорку Кеӊештин Социалдык саясат боюнча комитети "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрдү.

Жыйында экс-муфтий Максатбек Токтомушев мыйзам долбоорун колдоорун айтып, дааваттагы эл кыдырууга (гаш) тыюу салбоону өтүндү.

"Буга чейин президентибиз Садыр Жапаров өзү үч жолу жыйын кылып, анда талкуу, сунуштар болду. Мыйзам кабыл алынгандан кийин баарыбыз аткарганга милдеттүү болобуз. Бирок ага чейин сунуштарды айтканга укуктуубуз. Элдин суранычын айтып кетейин, президентибиз Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, эл өкүлдөрү, сиздерге кайрылат элем. Даават маселесине тыюу салбастан, имамдардын көзөмөлүндө боло берсе деген элде суранычтар бар. Ал эми калган маселе боюнча талкуулар болду", - деди Токтомушев.

Буга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов мыйзам долбоорлорунун бир да жеринде "гаш" деген түшүнүк киргизилбегенин билдирди.

"Бул жерде үймө-үй кыдыруу тууралуу маселе каралып жатат. Бул ыкманы исламдан тышкары көптөгөн диний секталар, ошол эле экстремисттик уюмдар да колдонууда. Ушуга байланыштуу бирдей мамиле кылуу максатында, бардык конфессияларга үймө-үй кыдырууга тыюу салуу сунушталып жатат", - деди ал.

Максат Токтомушев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан