Бишкекте "Кыргызстан - менин мекеним" аттуу сынак болот

Бишкекте 14-декабрь күнү жалпы шаардык "Кыргызстан - менин мекеним" аттуу сынак өтөт. Иш-чара саат 11:00дө Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан №5-кесиптик лицейинде орун алат. Бул сынак быйылкы Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылынын урматына уюштурулууда. Сынакка борбордогу 18 кесиптик лицейден 18 улуттун өкүлдөрүнөн талапкерлер ат салышмакчы. Сынакта ар бир улутка таандык элдик ырлар, музыкалар аткарылат. Сынактын негизги максаты - Кыргызстандын калкын биримдикке жана патриоттуулукка үндөө болуп саналат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан