"Ал дагы илешип калган". Камчыбек Ташиев Эмил Осмоновдун кызматтан алынышы боюнча үн катты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында коргоо министринин мурдагы орун басары Эмил Осмонов курал-жаракка бөлүнгөн каражатты коррупциялык схема менен чыгарып кетүүгө тишеси бар делип кызматтан алынганын билдирди.

Ал учурда бул иш боюнча аз маалымат бере аларын, анткени иштин материалдары жакын арада сотко өткөрүлөрүн белгиледи.

"Бюджеттен курал алууга бир миллиард сомго жакын акча бөлүнгөн. Алар жасалма келишимдерди түзүп, ушул сумманы коррупциялык схема аркылуу чыгара баштаган. Бул боюнча Сербиянын эки, Кыргызстандын эки жараны кармалган. Коргоо министринин мурдагы орун басары Эмил Осмонов дагы кандайдыр бир жол менен буга илешип калган. Аны кызматтан алышты, жоопкерчилиги каралууда", - деди Ташиев.

Белгилей кетсек, октябрь айында Осмонов ээлеген кызматынан бошотулганы маалым болгон. Айрым жергиликтүү басылмалар күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, атайын кызмат анын иш бөлмөсүн текшерүүгө алып, кылмыш иш козгогонун жана аны менен бирге "Кыргыз курал" мамлекеттик ишканасынын кызматкери жана Коргоо министрлигинин сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы кармалганын жазышкан. Ошондой эле Осмонов эч жакка чыкпоо тил каты менен коё берилгенин Спутник жазып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан