Өзбекстанда шалаакылык жана жоопкерчиликсиздик үчүн 297 чиновник кызматынан бошотулду. Алардын ордун заманбап ой жүгүрткөн демилгелүү жаш адистер ээледи. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев жакырчылыкты кыскартуу боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгына арналган жыйында билдирди.
Мамлекет башчы айрым аткаминерлер аймактардагы жакырчылыкты азайтуу боюнча иш алып барууга олуттуу мамиле жасабай жатканын белгиледи. Анын айтымында, алар бул демилге "бир-эки жылга, ал жакында өтөт" деп эсептешет.
"Жарандардын жана ишкерлердин көйгөйүн чечпеген жетекчи кызматтан алынат", - деген Мирзиёев чиновниктерди дүйнөгө болгон көз карашын өзгөртүүгө чакырды.
Мирзиёев дүйнөдө саясат менен экономика мүнөт сайын татаалдашып, жаңы коркунучтар пайда болуп жатканын, азыртан чечүү жолдору табылбаса, анда кеч болуп каларын баса белгиледи.