Япониянын Кюсю аралынын жээгинде Филиппин деңизинде күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын Орусиянын Илимдер академиясынын Бирдиктүү геофизикалык кызматынын Алтай-Саян бөлүмү билдирди.
Алтай-Саян тармагынын оперативдүү маалыматы боюнча, жер титирөө бүгүн, 17-декабрда катталган. Жер титирөөнүн очогу Каной шаарынан 28 чакырым түштүк-чыгышта, болжол менен жээктен 1 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Очогундагы титирөөнүн интенсивдүүлүгүнө жараша жер титирөө “өтө күчтүү” деп бааланган.
АКШнын Геологиялык кызматы жер титирөөнүн күчүн 5,2 балл деп баалады. Америкалык сейсмологдордун айтымында, жер титирөөнүн очогу 165,5 чакырым тереңдикте болгон.