Баскетболчу Янис Тимманын биринчи аялы анын өлүмү боюнча үн катты

Өз жанын кыйган баскетболчу Янис Тимманын биринчи жубайы Сана Осса мурдагы күйөөсүнүн каза болушу тууралуу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жаңы төрөлгөн уулу менен Янис Тимманын сүрөтүн жүктөп, "Сен биздин элесибизде жакшы көз ирмемдер менен калдың" деп жазды.

Сана Осса менен Янис Тимма 2019-жылы ажырашкан. Алардын 2018-жылы туулган бир уулу бар. Сана Осса андан кийин 2023-жылы латвиялык футболчу Марцис Оссага турмушка чыккан. Сана Оссанын социалдык тармактарындагы сүрөттөрүнө караганда, анын экинчи күйөөсү биринчи никесинен төрөлгөн уулун өз баласындай тарбиялап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан