Атактуу жеңилбес мушкер Хабиб Нурмагомедов балдары кайсы спорттун түрү менен машыгарын Mighty ютуб каналына берген маегинде айтып берди.
Анда легендарлуу мушкер балдары анын жолун жолдобой турганын айтты.
"Менин балдарым машыгышат, бирок мелдештерге чыкпайт. Алар күчтүү болуш керек, ошондуктан гимнастика менен машыгышат. Эч кандай аралаш мушташ эмес. Мен мушташканды билем, керек болсо балдарымды коргойм. Аларга мушташыштын кереги жок", - деген Нурмагомедов.
Белгилей кетсек, Хабиб Нурмагомедов 2013-жылы үйлөнгөн. Анын үч баласы бар: кызы Фатима (2015-жылы туулган) жана эки уулу - Магомед (2017-жылы туулган) жана дагы бир уулунун аты белгисиз (2019-жылы туулган).