Бишкекте социалдык тармактар аркылуу адамдан интимдик сүрөттөрдү жана видеолорду таратам деп коркутуп акча талап кылган адам кармалды. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
Мунун баары ушул жылдын күз мезгилинде башталган. Анда 32 жаштагы жаран социалдык тармактан интимдик кызматтарды көрсөтөөрүн айткан кызды байкап, аны менен таанышкан. Андан кийин ал экөөнүн сүйлөшүүсүн скриншот кылып, видеого жаздырып алган. Андан кийин ал интимдик видеолорду интернетке чыгарам деп коркутуп, акча талап кыла баштаган.
Мындан улам жабырлануучу милицияга кайрылып, ага карата чара көрүп берүүнү суранган. Топтолгон материалдардын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмү “Опузалап талап кылуу” боюнча кылмыш иши козголгон.
Маалым болгондой, шектүү башка бирөөнүн мазмунун (бөлөк контент) толугу менен көчүрүп алып, өз баракчасына жайгаштырган. Сүрөттө башка кыздын сүрөтү болгон.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун тургуну Т.Д. аттуу жаран кармалган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.