Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили шейшемби күнү, 17-декабрда швейцариялык Temps гезитине берген маегинде 29-декабрда президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин мандатын тапшырбай турганын дагы бир жолу билдирди.
"Ооба, менин мурдагыдай эле принцибим өзгөргөн жок", - деген ал.
Грузин лидери мөөнөтүнөн мурда отставкага кетүү ниети жок экенин жана кийинки парламенттик шайлоого чейин кызматын аркалай турганын белгиледи. Ал Евробиримдикти оппозициянын нааразылык акцияларын колдоого чакырып, бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы менен байланышты толугу менен үзгөнүн жарыялады.
14-декабрда Грузия парламентинин имаратында өлкөнүн жаңы президентин шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы Грузиянын президенти болуп бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын талапкери Михаил Кавелашвили шайланганын билдирди.