Түркиялык куткаруучулар Сириянын "Седная" түрмөсүндө издөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга караганда, издөө иштерине 120 кызматкер, 43 техника жана 4 издөөчү ит тартылган.
"AFAD жетекчиси Окай Мемиш жетектеген куткаруу тобу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Хатай провинциясынан Дамаскка жөнөп кетти", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 8-декабрга караган түнү оппозициялык топтор Дамаскты басып алышкан. Сирия армиясынын командачылыгы Асаддын бийлиги аяктаганын жарыялады. Экс-президент өзү өлкөдөн чыгып, Орусияга кетип, ал жактан башпаанек алган.