Бул күнү белгилүү америкалык актёр Брэд Питт туулган. Ал 1963-жылы 18-декабрда АКШнын Оклахома штатындагы Шавни шаарында туулган. Атасы Уильям Питт жүк ташуучу менеджер болуп эмгектенген. Ал эми апасы Жейн Питт мектепте психолог-консультант болуп иштеген. Актёрдун үй-бүлөсү динди катуу карманышкан.
Брэд Питт бир жашка чыкканда аны жергиликтүү телесериалга тартып кетишкен. Бирок Брэд өзү да, ата-энеси да андан атактуу актёр чыгарына ишенишкен эмес. Ал мектепте окуп жүргөндө спортко жана музыкага кызыкчу. Мектепти аяктагандан кийин, 350 доллары менен Лос-Анжелеске барып, ал жактагы Миссури университетиндеги журналистика бөлүмүнө тапшырган. Жогорку окуу жайда окуп жүргөн кезинде күнүмдүк жашоого акча табуу максатында ресторанга кардар тартуучу болуп иштеп баштаган. Ошол кезде Брэдди “Даллас” сериалынын продюсери көрүп калып, тасма талаасына чакырган. Чыныгы популярдуулук Питтке 10 жылга созулган атактуу “Достор” сериалынан кийин келген. Ал актёр болуу үчүн окуусун таштоону туура көргөн, ошентип Голливудга көчүп келип, Уильям Брэдли Питт эмес, Брэд Питт деп кыскача аталууну чечкен.
Андан кийин бир нече тасманын эпизоддорунда ойной баштаган. 1987-жылы актёр "Өсүп бара жаткан оору", "Даллас" жана "Башка дүйнө" сериалдарында роль жараткан.
Ошентип 1991-жылы жарык көргөн "Тельма жана Луиза" тасмасындагы жараткан ролу актёрдук карьерасынын ачкычы чыгармачылыгындагы чоң бурулуш болуп калды. Аталган тасмага тандоонун акыркы этабында төрт актёр жарышты, акыркы чечим катары Брэд Питт тандалган. Бул тасмага тартылуу үчүн актёрдун гонорары болгону 6 миң долларды түзгөн.
Ал эми 1994-жылы Брэд Питт "Вампир менен маек" жана "Күзгү уламыш" тасмаларында роль жаратып, "Күзгү уламыш" тасмасындагы ролу үчүн "Алтын глобус" сыйлыгындагы "Эң мыкты актёт" наамына көрсөтүлгөн. Андан кийин Брэд Питт бир нече сыйлыктардын ээси болгонго жетишкен.
Голливуд жылдызы Брэд Питт актёр катарында "Оскар" сыйлыгын 2020-жылы биринчи жолу алган. Анда ал "Бир жолу Голливудда..." тасмасындагы ролу үчүн "Экинчи пландагы мыкты актёр" наамы менен сыйланган.
Жеке жашоосу
Брэд Питт "Өлүүгө өтө жаш" тасмасына тартылып жүрүп, актриса Жульетта Льюис менен таанышкан. Алар үч жылга жакын убакыт мамиле курушкан. Андан кийин 1995-жылы "Жети" тасмасынын тартылуу аянтында актёр мырза актриса Гвинет Пэлтроу менен таанышып, алар мамиле курууну башташкан. Ошентип түгөйлөр 1996-жылы баш кошушканын жарыялашкан, бирок 1997-жылы эки ажырым жолго түшүшкөн.
2000-жылы Брэд актриса Женнифер Энистонго үйлөнгөн. Бирок алардын мамилеси деле узакка созулбай, төрт жылдан соң ажырашуу чечимин кабыл алышкан. 2001-жылы Брэд Питт белгилүү "Достор" сериалынын эпизодуна тартылган. Ал тасмада жубайы Женнифер Энистон башкы ролдордун бирин аткарган. Бул кино Питт менен Энистондун чогуу ойногон жалгыз тасмасы.
Актёр мырза 2004-жылы "Мистер жана миссис Смит" тасмасына тартылуу учурунда актриса Анжелина Жоли менен таанышты. Ошентип алар жакын мамиле куруп баштап, үй-бүлө курууга чейин барышкан. 2006-жылы Брэд Питт менен Анжелина Жоли Шило Нувел аттуу кыздуу болушкан. 2007-жылы март айында жубайлар вьетнамдык Пакс Тиен аттуу баланы багып алышкан. Жалпы түгөйлөрдүн ортосунда 6 бала болгон. Түгөйлөр 2014-жылы Франциянын түштүгүндөгү сепилдин чиркөөсүндө баш кошушкан. Үйлөнүү үлпөтүнүн алдында алар нике келишимин түзүшкөн. 2016-жылы актёрдун жубайы ажырашууга арыз берип, расмий түрдө мамилелери 2019-жылы аяктаган.
Ал эми 2022-жылы ал зергер дизайнер жана фитнес-тренер Инес де Рамон менен сүйлөшө баштаганы айтылган.