Парламенттеги импичменттин натыйжасында ыйгарым укуктары убактылуу токтотулган Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль козголоң ишине байланыштуу Коррупцияга каршы тергөө департаментине суракка келген жок. Бул тууралуу Yonhap агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 18-декабрда суракка келиши керек болчу. Бирок ал чакыруу катын алганына карабай суракка келбей койгон.
Учурда тергөө президентти камоого ордер берүү же аны кайра суракка алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат. Юн Сок Ёль 15-декабрдагы биринчи соттук отурумга келбей койгондон кийин прокуратура параллелдүү өз алдынча иликтөө жүргүзүп, суракка экинчи чакыруу кагазын берген.
Белгилей кетсек, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган. Көп өтпөй депутаттар аскердик абалды алып салууга добуш беришкен.