Анна Седокова мурдагы күйөөсү каза болгондон кийин ооруканага түштү (видео)

Орусиялык ырчы Анна Седокова мурдагы күйөөсү Янис Тимманын трагедиялуу өлүмүнөн кийин нерв оорусунан улам ооруканага жаткырылды. Анын ооруканадагы видеосу социалдык тармактарга тарады.

Видеодо ырчынын тамчылатма астында жатып ыйлап жатканы көрүнөт. Баскетболчунун өлүмүнө аны күнөөлөгөн колдонуучулардан улам Седокова Instagram баракчасында комментарийлерди жаап салды.

32 жаштагы баскетболчу, ырчы Анна Седокованын мурдагы күйөөсү Янис Тимманын өлүмү 17-декабрга караган түнү белгилүү болду. Спортчунун сөөгү Москванын борборундагы жатаканалардын биринин кире беришинен табылган. Жакын жерден телефон табылган, анын экранында мурунку аялынын номери жана ага чалууну суранган билдирүү жазылган. Окуя ырчынын туулган күнүнүн эртеси болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, спортчунун өлүмүнө өз жанын кыюу себеп болгон.

Анна Седакова ооруканага түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан