17-декабрда Будапешт шаарында Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Адылбек Касымалиев менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда өкмөттөн кабарлашты.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкчылыкты ырасташты.
Мындан тышкары ушул жылдын ноябрь айында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларга өзгөчө көңүл бурулду.