ФИФАнын версиясы боюнча дүйнөнүн эң мыкты футболчусу аныкталды

Кечээ, 17-декабрда Катардын борбору Доха шаарында "The Best FIFA Football Awards 2024" сыйлык тапшыруу аземи өтүп, дүйнөнүн мыкты футболчусу аныкталды.

Анда дүйнөнүн эң мыкты футболчусу болуп "Реалдын" бразилиялык чабуулчусу Винисиус Жуниор аталды. Жеңүүчүнүн атын ФИФАнын президенти Жанни Инфантино жарыялады.

Эскерте кетсек, Винисиус Жуниор быйылкы сезондогу "Алтын топту" утууга негизги фаворит болчу. Бирок Парижде өткөн сыйлык тапшыруу аземинде "Алтын топту" испаниялык футболчу Родри алган.

Өткөн сезондо бразилиялык футболчу "Реалдын" курамында Испаниянын чемпиону, өлкөнүн Суперкубогунун жеңүүчүсү жана Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү болгон.

Ошондой эле мыкты машыктыруучу болуп Карло Анчелотти табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан