Өзбекстанда менчик зоопарктан 3 арстан качып чыгып, адамга кол салышты

Кечээ,17-декабрда таң эрте Ташкент облусунда каргашалуу окуя болду. Зоопарктагы үч арстан 44 жаштагы адамга кол салганын өзбек басылмалары жазышууда. Прокуратура бул боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя Паркент районунун Красногорск айылында жайгашкан "Арстан" паркында болгон. Кечээ эртең мененки саат бештер чамасында жапайы жаныбарлар кулпуланган эшик аркылуу чыгып кетишкен. Алар кароолчуга кол салып, аны тыткылап, тиштегилешкен.

Аны зоопарктын кызматкерлери саат 09:00дө табышкан. Эки арстанды транквилизаторлор менен капаска кайтарышкан, дагы бирин мергенчи атып салган.

Окуянын негизинде зоопаркка Кылмыш-жаза кодексинин 257-беренеси (Эмгек коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголуп, кошумча иликтөө үчүн ички иштер органдарына жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан