Индонезияда аялдарга карата зордук-зомбулукка байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды

Индонезия аялдарга жана балдарга карата сексуалдык зомбулукка байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул туурасында ал өлкөнүн Аялдардын укуктарын жана балдарды коргоо министри Арифа Фаузи ANTARA басылмасына билдирген.

"Координация жана кызматташуу зарыл, анткени биз бул маселени жалгыз чече албайбыз. Биздин ыйгарым укуктарыбыз жана бюджетибиз чектелүү. Бирок жалпы аң-сезим жана каалоо менен биз бул маселени чогуу чече алабыз”, - деди министр.

Аялдар менен балдарга карата зордук-зомбулук маселелерин чечүү өзгөчө мааниге ээ. Анткени аялдар Индонезиянын калкынын дээрлик жарымын – 49,42 пайызын, балдар – 31,6 пайызын түзөт.

Өлкөдө аялдарды коргоо боюнча үч программа ишке киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан