Бүгүн, 18-декабрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакытбек Касымкулов абакта ачкачылык жарыялап жаткан Имамидин Ташов менен жолукту. Бул тууралуу улуттук борбордон билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбордун башчысы СИЗО-1ге барып, абактагы жеке ишкерди ачкачылыктан баш тартууга көндүргөн.
"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында улуттук борбордун жетекчиси Ташовду ачкачылык кармоосун токтотуп, тамактанууга жана позициясын башка мыйзамдуу ыкмаларды колдонуп билдирүүгө көндүрдү", - деп билдирди аталган борбор.