Кечээ, 17-декабрда Ферганада унааларга бензин жана пропан куюлуучу май куюучу жайда жарылуу болгон. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышууда.
Kun.uz берген видеодо көрүнүп тургандай, жарылуудан кийин айланага жайылып кеткен газ тутанып, жалын бүт кесилишти бир нече секунд каптаган. Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болгон.