Жаратылыш министрлиги Бишкектеги абанын сапатына өз баасын берди

Жаратылыш министрлиги Бишкектеги абанын сапатын орточо деп эсептейт. Бул тууралуу аталган министрликтин Атмосфералык абаны коргоо башкармалыгынын башчысы Нурсултан Ташыбек уулу брифингде билдирди.

Андагы маалыматка караганда, борбор калаадагы абанын сапаты 10дон 7 деп бааланган.

Ал эми Нурсултан Ташыбек уулу абанын сапатынын жакшырышына турак жайларды газга өткөрүү, дизелдүү кичи автобустарды газ кыймылдаткычтарына алмаштыруу жана Бишкек шаарында жайгашкан полигондогу өрттү өчүрүү таасир бергенин айтты.

Ошону менет катар ал акыркы жылда Бишкек менен Чүйдө 30 миңден ашык үй газга өткөнүн, муну менен 60 миң тонна көмүрдү чыгымдоо кыскарганын кошумчалаган.

"Былтыркы жылга салыштырмалуу абал жакшырды. Тигүү калдыктарын кайра иштетүү боюнча иштер жүрүп жатат. Акыркы жылдары абанын абалы жакшырганы тууралуу маалыматыбыз бар", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан