Катардын кайрымдуулук уюму Кыргызстанда 2025-жылы төрт мектептин курулушун баштайт 

Катар кайрымдуулук уюму тарабынан Кыргызстанда 2025-жылы төрт мектептин курулуш иштери башталат. Бул туурасында бүгүн, 18-декабрда Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аталган уюм менен министрликтин өкүлдөрү жолугуп, Кыргызстандын мектептери үчүн 500 даана парта жана 500 отургуч тапшырылды.
Жыйында министр Догдуркүл Кендирбаева өлкө боюнча отуздан ашык окуу жайдын жатаканаларын оңдоп-түзөөгө демөөрчүлүк кылууну суранган. Ал эми уюмдун директору Абдулькадыр Имам Аль Башейр маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан