Атактуу мушкер Дмитрий Бивол 34 жашта. Ал туулган күнүн Ысык-Көлдө тосуп жатат (видео)

Атактуу мушкер Дмитрий Бивол 34 жашка чыкты. Ал жакында Артур Бетербиев менен боло турган реваншка даярдык көрүү максатында Ысык-Көлдө машыгууларын өткөрүп жатат. Аны жакын санаалаштары куттукташып, сюрприз уюштурган. Ошондой эле сүйлөшкөн кызы, ирандык ишкер айым Мармар Аль Хилали Инстаграм баракчасынан жылуу куттуктоосун билдирди.

Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Чүй облусунун Токмок шаарында молдаван жана корей улутундагы интернационал үй-бүлөдө туулган. Ал ата-энеси менен 11 жашына чейин Кыргызстанда жашаган. Андан соң 2002-жылы атасы, апасы жана эки эжеси менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына көчүп кеткен.

Мушкер эки жогорку билимдин ээси. Алгач Санкт-Петербургдагы П.Ф.Лесгафт атындагы Улуттук мамлекеттик дене тарбия, спорт жана ден соолук университетин бүтүргөн. Ошондой эле экинчи ирет И.Т.Трубилин атындагы Кубан мамлекеттик агрардык жогорку окуу жайынан юрист кесибин алып чыккан.

Бивол боксга 6 жашында келген. Анын алгачкы машыктыруучусу кыргызстандык Вячеслав Шарапов болгон. Учурда мушкер орусиялык машыктыруучу Алексей Куренковдун кол алдында машыгат.

Ал 17 жашка чейинки категорияда кадеттер арасында Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, кадеттер жана жаштар арасында Европанын эки жолку чемпиону болуп өз учурунда алдыңкы мушкерлердин катарын толуктаган.

Орточо оор салмактагы мушкер 2014-жылы 28-ноябрда профессионалдык бокстагы дебюттук беттешин уругвайлык Хорхе Родригес Оливерага каршы өткөргөн. Беттештин 6-раундунда Бивол техникалык нокаут менен жеңишке жеткен. Ал эми төртүнчү беттешинде АКШнын WBC-USNBC версиясы боюнча чемпиондукту алса, кийинки беттешинде WBA эл аралык титулуна ээ болгон.

Дмитрий Бивол 23 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жеткен. Анын 12си нокаут менен алынган жеңиш. Ал эми 24-беттеши жердеши Артур Бетербиев менен болуп, жеңилүү ызасын тартып калган. Алар учурда кайрадан беттеш өткөрүү үчүн реваншка даярданышууда. Иш-чара кийинки жылы 22-февралда Эр-Рияд шаарында өтөт.

Жеке жашоосу баарына маалым. Учурда мушкер Санкт-Петербург шаарында жашайт. Ал мурунку аялы Екатерина Бивол менен Мирон жана Никон аттуу эки уулду тарбиялап келишет. Жубайлар 16 жыл чогуу жашап, 2023-жылдын июнь айында эки ажырым жолго түшүшкөн. Учурда мушкер ирандык ишкер айым менен сүйүү мамилесинде экендиги айтылып келет.

Дмитрий Биволду кесиптештери туулган күнү менен куттукташты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан