Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Оштогу тергөө абагындагы соттолгондордон кабар алды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Оштогу тергөө абагына барып, бир нече камерадагы кармалгандар менен баарлашты. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Тергөө абагында отурган аялдардын бири өзүнө карата кылмыш куугунтугу жүрүп жатканын айтып, укук коргоо органдарынын биринде иштеген кызматкердин тууганынын көрсөтмөсүнө таянып гана иш козголгонун айтты. Ал соттук экспертизанын жыйынтыгы анын пайдасына чыкса да, ага карабастан кылмыш ишин жаппай жатышканын кошумчалады.

Кийинки камерада отурган улгайган аял ден соолугу күн сайын начарлап бара жатканын айткан. Ал кант диабети, жүрөгүндө дарты бар, андан сырткары гепатит С дагы аныкталганын кошумчалаган. Ага жер тилкесине байланыштуу кылмыш иши козголуп, 9 жылга эркинен ажыратылганын белгилеген. Айыпталуучу акыйкатчыдан кылмыш иши менен таанышып чыгууну өтүндү.

Тергөө абагында бир жашар баласы менен отурган аял бир ай мурда кармалганын айтты. Абактын кызматкерлеринин айтымында, аял пробациялык көзөмөлгө келип турбагандыктан, камакка алуу чечими кабыл алынган.

Акыйкатчы тергөө абагынын жетекчилигине аялдардын жана балдардын укуктарын сактоо зарылдыгын эскертти.

Акыйкатчы өспүрүмдөр отурган, өмүр бою эркинен ажыратылган жарандар отурган камералардын шарттары менен дагы таанышты.

Мындан тышкары Жамиля Жаманбаева тамактануучу жай жана имараттын жалпы абалын карап чыкты.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө тергөө абагынын 1886-жылы курулган имараты талапка жооп бербей тургандыгы аныкталды.

Ага ылайык, акыйкатчы мамлекеттик органдарды Ош шаарында жаңы тергөө абагынын курулушун тездетүүгө көңүлүн бурду.

Белгилей кетсек, акыйкатчы тергөө абагына барган учурда 281 айыпталуучу жана соттолгон жаран бар болчу. Анын 26сы – аял жана жашы жете электер. Абакта 4 жаран өмүр бою соттолгон. Абак 500 кишиге ылайыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан