2024-жылдын 10-сентябрында Шэньчжэнде Huawei ULTIMATE DESIGN концепциясына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарада сүйлөнгөн таасирдүү сөздөр концепциянын маңызын идеалдуу көрсөтө алды. HUAWEI брендинин «Dream it Possible» композициясы бардык инновациялык ачылыштар жана компаниянын жетишкендиктери жеке ийгиликке болгон ишенимдин аркасында мүмкүн болгонун баса көрсөтөт.
Intelligent Automotive Solution Huawei бөлүмүнүн директорлор кеңешинин төрагасы Ричард Юй иш-чарада төмөнкүлөрдү баса белгиледи: “Биз эч качан инновацияларды киргизүүнү токтоткон жокпуз жана эч качан аларды ишке ашырууга умтулуудан баш тарткан жокпуз. Мындай аракеттин аркасында биз рынокто биринчи болуп HUAWEI MATE XT Ultimate design үч бүктөмө смартфонун иштеп чыга алдык».
Инновациялык технологиялар: алдыңкы иштеп чыгуулар жана изилдөөлөр
Жаңы смартфон эки багыттоочу бар бурулуу механизмдеринин инновациялык системасы менен жабдылган, алардын аркасында түзүлүш ичке жана сыртка бүктөлө алат. Өтө жеңил бурулма конструкция смартфондун экрандарын жай-салмактуу бүктөөнү камсыз кылат. Иммерсивдүү экран ийкемдүү материалдардан даярдалган, алар ар кандай багыттарда жай-салмактуу бүгүлүүгө жөндөмдүү.
Инновациялык тажрыйба: укмуштуудай мүмкүнчүлүктөр
HUAWEI MATE XT Ultimate design экрандын бир нече режиминин ортосунда которулуу мүмкүндүгүн берет. Толук ачылган форматта чоң экран толук чөмүлүү таасирин жаратат жана керектүү маалыматты тез издөөнү камсыз кылат. Эки ачылган экран режиминде смартфон макалаларды жана электрондук каттарды окуу үчүн ылайыктуу. Бир экран режиминде колдонуучу бир милдетке, мисалы, чалууга же сүрөткө тартууга көңүл бура алат.
Инновациялык сүрөт тартуу: жашоонун жаркын көз ирмемдерин сүрөткө тартыңыз
Huawei — мобилдик сүрөт тартуу жаатындагы лидер. Смартфондун ичке корпусунда HUAWEI XMAGE мобилдик сүрөттү иштеп чыгуунун зор мүмкүнчүлүктөрү камтылган. 10 баскычтуу жөнгө салынуучу физикалык диафрагма сүрөт тартуунун ар кандай көрүнүштөрүндө, алыскы тоодон гүлдөгү майда курт-кумурскага чейин сонун кадрларды жаратууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле камера тез сүрөт тартуу функциясын кармайт, анын аркасында тез кыймылдаган объекттерди дагы укмуштуудай тактык менен сүрөткө тартууга болот.
HUAWEI MATE XT Ultimate design менен иш натыйжалуу, ал эми көңүл ачуу – кызыктуу болот. Huawei компаниясы эч качан жетишкен ийгилик менен токтоп калбайт жана алдыңкы технологияларды, кооз дизайнды жана мыкты пайдалануу тажрыйбасын сунуштоо менен, жогорку класстагы брендди жаратат.