Армения Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунан (ЖККУ) чыгуу боюнча Вашингтондон белги күтүп жатат. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Илхам Алиев ВГТРК жана РИА Новостиге берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Армения кайда баратканын түшүнөт жана иш жүзүндө ЖККУдан чыгып кеткен.
"Биздин маалыматтар боюнча алардын де-юреден кетпей жатканынын бирден-бир себеби – алар Мамлекеттик департаменттен уруксат ала элек", - деп кошумчалады Алиев.
Азербайжандын президенти Армения уруксат алгандан кийин ЖККУдан чыга турганын баса белгиледи.