Өзбекстандын күч органдары Москвада генерал Игорь Кирилловдун өлүмүнө байланыштуу кармалган жаран тууралуу Орусияга маалымат жиберди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
"Кармалган жаран тууралуу маалымат дароо Москвага жөнөтүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков брифинг учурунда Орусиянын президенти Владимир Путин террордук чабуулда каза болгон Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу күчтөрүнүн башчысы, генерал-лейтенант Игорь Кирилловдун жакындарына көңүл айтканын билдирген. Анын айтымында, киши өлтүрүүгө кимдер буйрук берип, уюштурганы буга чейин ачыкка чыккан.
Бүгүн, 18-декабрда эртең менен ФСБ террордук чабуулга шектелген адам кармалганын жарыялады. Ведомстводон билдиришкендей, ал 1995-жылы туулган Өзбекстандын Ахмад Курбанов аттуу жараны болуп чыкты. Сурак учурунда ал аны Украинанын атайын кызматы жалдаганын билдирген. Теракттын аткаруучусуна 100 миң доллар жана Европа паспорту убада кылынган.