Ысык-Көл. Караколдогу сауналардын биринде өрт чыкты
Кечээ саат 19:25тер чамасында Каракол
шаарынын Кусейин Карасаев
көчөсүндө
жайгашкан «Руслан» саунасында өрт
чыкты. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, өрттүн кесепетинен саунанын аянты 10 чарчы метр болгон бөлүгү, ички жыгач капталгасы, шыбы жана эшиги күйүп кеткен. Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда.