"Менин шаарым" тиркемесинин аты "Мэрге кайрылуу" деп өзгөртүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, калаа башчысы Айбек Жунушалиев орун басарларынын жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда пландык кеңешме өткөргөн. Анда быйыл январь-ноябрь айларында Бишкек шаарынын мэриясынын Call-борборуна ("Менин шаарым" тиркемесин кошкондо) колдонуучулардан 13 миң 653 кайрылуу келип түшкөнү, анын 12 миң 54ү аткарылганы, 1 598и аткарылбаганы маалым болгон.
Мындан улам мэр "Менин шаарым" тиркемесинин атын "Мэрге кайрылуу" деп өзгөртүүнү тапшырды.
"Уюмга түшкөн ар бир өтүнүчтү менин буйругум катары карайсыңар. Бир дагы кайрылуу жоопсуз калбашы керек", - деген Жунушалиев.