Баткенде батирден чыккан өрттөн бир нече адам куткарылды

Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын А.Асаналиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде өрт чыгып, 6 жаран куткарылды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, окуя кечээ, 18-декабрда кечинде катталган. Үчүнчү кабаттагы батирден чыккан өрт учурунда үй ээлери сыртка чыгууга жетишкен. Бирок коридор аркылуу тараган түтүндөн чыга албай калган төртүнчү кабаттын жашоочулары, тактап айтканда, 2 аял жана 4 баласы куткаруучулар тарабынан куткарылып, "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилген. Куткарылган жарандардын абалы жакшы.
Ал эми өрттүн жалпы аянты 24 чарчы метрди түзүп, учурда тилсиз жоонун чыгуу себеби такталып жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан