Бразилияда балаты кулап, 1 адам каза болду (видео)

Бразилияда катуу шамалдан 56 метрлик сууда калкып турган жаңы жылдык балаты кулап, бир адам каза болуп, экөө жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Жарандык полиция сууда калкып бара жаткан балаты кулап, бир жумушчу каза болуп, экөө жаракат алганын иликтеп жатат.

Окуя Бразилиянын Рио-де-Жанейро штатындагы Марика шаарында болгон. Социалдык тармактарда тараган видеолорго караганда, жээкке жакын сууга орнотулган конструкция бороон жана катуу шамалдан улам кулап түшкөн.

Укук коргоо кызматкерлери окуянын себептерин тактап жатышат.

19.12.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан