Жалал-Абад шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-ноябрда Жалал-Абад шаарынын тургуну 2 жаранга 280 миң сомго бааланган Audi A6 үлгүсүндөгү унаасын саткан. Алар алдын ала 30 миң сом берип, "калганын 4 күндө беребиз" деп алдап, из жашырып кетишкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 46 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.