Түштүк Кореянын кызматтан убактылуу четтетилген президенти Юн Сок Ёль коррупцияга каршы тергөө башкармалыгына суракка чакыртылып, бирок барган эмес.
Учурда башкармалыктын башчысы Дон Ун президентти камоого ордер чыгаруу үчүн арыз менен кайрылууну караштырып жатканын билдирген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Юн Сок Ёль комитетке 17-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат онго бармак. Буга чейин тергөөчүлөр ага чакырууну колуна тапшырууга аракет кылышкан. Бирок президенттин коопсуздук кызматы буга каршылык көрсөтүшкөн.
Белгилүү болгондой кызматынан убактылуу четтетилген президент прокуратурага да суракка чакыртылып, ал жакка дагы барган эмес.
Эгер күнөөсү далилденсе, Юн Сок Ёль жана жанындагы адамдар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Учурда ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.