Кечээ, 18-декабрда Бишкектен Москвага акыркы 4,5 жылда алгачкы жүргүнчү поезди жөнөп кетти. Бул тууралуу "Кыргызтемиржолу" ишканасы билдирди.
Маалымдалгандай, анда бардык билеттер сатылган.
Бишкектен Москвага (Павелецкий станциясына) поезд жумасына эки жолу — шаршемби жана ишемби күндөрү жөнөйт.
Ал эми Москвадан Бишкекке шаршемби жана жекшемби күндөрү жөнөйт.
Белгилей кетсек, билеттин баасы 11 миң сомду түзөт.
Мындан тышкары каттамда 35 пайыздан 5 пайызга чейин арзандатуулар каралган. Бул арзандатуулар төмөнкү шарттарга жараша өзгөрөт:
- вагондун категориясы;
- билеттин сатып алуу мөөнөтү (поезд жөнөгөнгө чейин канчалык эрте сатып алынганына байланыштуу);
- сапардын алыстыгы.