Өлкөдөгү ашууларда жол ачык. Бул туурасында бүгүн, 19-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жолдорду тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө. Унааларга болгон чектөөлөр кирген эмес.