Бүгүн, 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген Кыргызстанда такси кызматын көрсөтүү үчүн милдеттүү түрдө лицензия алуу боюнча сунушталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды.
Демилгечилердин айтымында, жол коопсуздугун жакшыртуу үчүн айдоочуларга талаптарды күчөтүү керек. Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн лицензия алуу, айдоочулардын транспорт мыйзамдарынын талаптарын сактоого, жүргүнчүлөрдү ташууда алардын коопсуздугун камсыз кылууга шарт түзөт.
Учурда такси кызматын көрсөткөн айдоочулар ыктыярдуу патенттин негизинде лицензиясы жок иштеп келишет.