Жогорку Кеңеш мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салуу мыйзамын колдоду

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
Документ саламаттык сактоо уюмдарында кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында медициналык мекемелердин жетекчилеринин ишин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.
Жалпы 81 эл өкүлү катталып, анын 75и добуш берүүгө катышкан. Жыйынтыгында мыйзамдын кабыл алынышына 74 депутат макулдугун берип, бирөө каршылыгын билдирген.
Мыйзам долбоору президент Садыр Жапаров кол койгон соң күчүнө кирет.
Айта кетсек, аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы, Бахридин Шабазовдор, Винера Раимбачаева, Айбек Маткеримов, Элдар Абакиров демилгелеген.
Белгилей кетсек, буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да депутаттардан бул мыйзамды кабыл алууну өтүнгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан