Сыр бербей чогуу издешкен. Ошто жарандын унаасын уурдаган шектүү кайын иниси болуп чыкты

Ош шаарында жарандын уунасын уурдоого шектелип кайын иниси кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Маалымдагандай, милицияга Ош шаарынын 57 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 15-декабрда өзүнүн үйүнүн алдынан Honda Fit үлгүсүндөгү унаасын уурдатканын айткан. Факты Ак-Буура милиция бөлүмүнө катталып, тергөө тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген.

Натыйжада уурдалган унаа шаардагы көчөлөрдүн биринен авариялык абалда табылган. Шектүү катары Чоң-Алай районунун 26 жаштагы тургуну кармалган. Ал унаа ээсинин кайын иниси болгон. Тергөөдө шектүү уурдалган унааны айдап бара жатып дагы эки автокөлүктү сүзүп, аларга материалдык зыян келтиргени, Honda Fit жараксыз абалга келгенде шаардагы көчөлөрдүн бирине таштап кеткени, андан соң унаанын ачкычын үйгө алып келип, ордуна коюп койгону белгилүү болгон. Бирок ал сыр бербестен жоголгон унааны үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге издешкен.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан