Бүгүн,19-декабрда Ош облусунун Кара-Суу районунда Үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды. Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Бейшеналиев министрлик инфраструктураны жаңылоо жана зарыл болгон медициналык жабдууларды, машиналарды сатып алуу аркылуу медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иш алып барып жатканын айткан.
Белгиленгендей, объекттин сметалык баасы 210 миллион сомду түзүп, бюджеттин эсебинен каржыланат. Үч кабаттуу имараттын жалпы аянты 3032,27 чарчы метрди түзөт. Томограф, рентген, УЗИ, фиброскан, ЭГД-скопия жана лабораториялар менен жабдуу пландалууда. Борбор күн сайын 250-300 бейтапты кабыл алып, Кара-Суу районунун 363 миң тургунун тейлейт.
Белгилей кетсек, жалпысынан өлкө боюнча 26 медициналык мекеме курулууда, анын 22си толугу менен республикалык бюджеттен каржыланат. Бул үчүн 900 миллион сом бөлүнгөн. Дагы 4 объект мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында курулууда.