Президент Садыр Жапаров өлкөнүн “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун бекитүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул жөнүндө өлкө башчынын маалымат кызматы маалымдады.
"Узак жана кызыктуу тарыхка, мол коомдук-саясий тажрыйбага ээ, руханий байлыгы терең, наркты бекем карманып келген кыргыз эли буйрукка жараша, эгемендикке ээ болгон жылдарында уңгулуу жолунан адашып, улуттук баалуулуктары анчалык көңүлгө алынбай, нарк ченемдерине ширелген коомдук институттары мурдагыдай болбой, даанышмандар баштаган улут билгелери баркталбай, улуттук сыймыгы төмөндөп, жарандык сезими мокоп, келечекке болгон ишеними азайып, куттуу мамлекетинин алсыроо мезгилине дуушар болду.
Кыргыз эли ушул күнгө чейин келечекке ишеним жарата турган, коомдун мүмкүнчүлүгүн жаратмандыкка багыттоо күчүнө ээ. Элдин биримдигин, уюмдашуу жөндөмүн арттыра алган узак мөөнөттүү идеологияга, башбагытка муктаж бойдон калып келди. Аталган кырдаалдан ылдам чыгуунун ишенимдүү жолдорунун бири - кыргыз жарандарын бир муштумга бириктире турган, куттуу келечекке ишеним арттырган, жарандык мекенчилдикти күчөткөн, улуттун демин арттырып, ага дымак берген, жаңы демилгелердин жаралышына жол ачкан идеяларды иштеп чыгып, аны ыкчамдык менен ишке киргизүү экендиги маалым болду", - деп айтылат жарлыкта.
Жогорку Кеңешке мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгууда жана аларды кабыл алууда, ошондой эле Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитүүдө уңгужолдун жоболорун жана принциптерин эске алуу сунушталды.
Ал эми Министрлер кабинетине социалдык-экономикалык саясатты иштеп чыгууда, кабыл алууда жана жүргүзүүдө уңгужолдун жоболорун жана принциптерин жетекчиликке алуу, уңгужолдун жобосун иштеп чыгуу, аны кеңири пропагандалоо жана жайылтуу боюнча туруктуу ишти уюштуруу тапшырмасы коюлду.