Орусиядан ташылып келе жаткан каймак орто жолдо артка кайтарылды

"Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайында Орусиядан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алынып келе жаткан 1000 килограмм өлчөмүндөгү каймак аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору текшерүү жүргүзгөндө каймактын ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган. Мындан улам тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Орусияга кайтарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан